Ак-Талаа районунда жалпы кырк билим берүү мекемелери бар. Булардын ичинен 22 мектепке чейинки билим берүүчү мекеме-бала бакчалар болсо, калган 18 орто мектептер. Учурда Кыргызстандагы пандемиялык шартка байланыштуу окутуу аралыктан жүрүүдө. Бирок мындай кырдаалга карабастан, райондогу билим берүү мекемелер кышка 98% даяр.

Билим берүү мекемелериндеги жылытуу системалар


Ак-Талаа Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев
Ак-Талаа Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев:
«Учурда от жагуу сезону башталган. Бардыгына от жагылып, жылуулук берилген. Мектептердин ичинен бешөө, бала бакчалардан төртөө электр, ал эми калгандары көмүр отуну менен жылытылат. Кыш мезгилине толук жете тургандай көмүр отуну түшүрүлгөн»,- дейт.
Акталаада окуучу кыздардын арасында онлайн сынак өттү
Барчын Мамытбекова