“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада окуучу кыздардын арасында онлайн сынак өттү

5 Ноябрь 2020 жыл 18:31
Көрүүлөрдүн саны: 254

Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинин 8-11-классынын окуучу кыздарынын арасында “Кыз-адеби кымбат” деген аталыштагы онлайн сынак болуп өттү. Мектептин класстан жана мектептен тышкары тарбия иштерин уюштуруучу Салтанат Баеванын берген маалыматына караганда онлайн сынак “Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылына” арналды.

Салтанат Баева Б.Календеров атындагы орто мектебинин тарбия иштерин уюштуруучусу

«Сынак балдар жана өспүрүмдөр арасында зордук- зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын- алуу максатында өткөрүлдү. Илгертен эле кыргыз эли кыз балага өзгөчө аяр мамиле кылышып, кыздарды босогого отургузбай, конок деп төргө өткөрүп, сый урмат кылышкан. Биз да ушу сынактын негизинде кыздардын эстетикалык табити өстүрүп, алардын өз учурунун билимдүү, тарбиялуу, акылдуу инсандары болуп өсүүсүнө тарбиялоо максатын көздөдүк. Онлайн сынак мектептин «Назик» кыздар уюму менен бирге уюштурулуп, өткөрүлдү».

Сынактын жобосуна ылайык, кыздар “Кыз адеби-кымбат” деген темада өздөрү чыгармачылык менен видеороликтерди тартышкан.

Акталаада жаңы үйлөнгөн жаштар үчүн эс алуучу жай ачылат
Барчын Мамытбекова