“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада жаңы курулган көпүрө пайдаланууга берилди

11 Ноябрь 2020 жыл 14:21
Көрүүлөрдүн саны: 190

Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында «Памир көпүрөлөрү» ассоциациясынын каржылоосу жана «Кемп Ала -Тоо» коомдук фондусунун колдоосу астында бешинчи көпүрөнүн курулушу аяктап, ачылышы болду.

 

Райондун акими сөз сүйлөө учурунда

Ачылышка айыл аксакалдар да катышты

Ачылыш салтанатына райаким Сейтек Кулубаев, жергиликтүү тургундар, айыл аксакалдары катышты.
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысы Бактыгул Ашырбековдун маалыматына караганда, көпүрөнүн курулуш иштерине инвесторлордон 362 миң сом жумшалса, жумушчу күчү 110 мин сомго бааланган.

“Бул көпүрө Чолок-Кайың айылынын Кум-Арык сайынан өткөрмө катары кызмат кылат. Натыйжада малдарды ички жайытка жаюуда жана жакынкы сарайларга, жаңы конушка каттоо жеңилдеп, автоунаалардын каттамына шарт түзүлөт”,- дейт.
Мындан тышкары, жайыт комитетинин долбоору аркылуу жаңы курулган бул көпүрө айылды кеңейтүү үчүн ген.планга түшкөн Чолок-Кайың-2 айылы менен да байланыштырган көпүрө болот. Көпүрөнүн курулушуна мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттен эч кандай акча каражаты которулган жок.

Ак-Талаа районунун Арпа жайлоосундагы Каракол суусуна көпүрө куруу демилгеси айтылды

Барчын Мамытбекова