“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада айдоочулар көмүр кенине барчу жолду оңдошту

19 Ноябрь 2020 жыл 11:05
Көрүүлөрдүн саны: 132

Ак-Талаа районундагы оор  жүк  ташыган унаа ээлери “Турук” көмүр кенине бара турган жолду тазалап, Жаман-Дабан суусуна бетон шакектерди көпүрө кылып орнотушту. Бетон шакектерди сатып алууга  өз чөнтөктөрүнөн каражат топтошкон.

Жаман-Дабан суусуна бетон шакектерди орнотуу учуру

Оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары жолду тазалоо учуру

Айдоочулар жолго тайгаланбас үчун көмүр чачып жатышат

Айдоочу Максат Койчиевдин берген маалыматына караганда жолду суукка карабай 3 күн бою шыпырып, тазалап, топурак чачып чыгышкан.

“Жаман-Дабан суусунда көпүрө жок. Көмүргө жеткиче ошол сууну 4-5 жолу кечип жүрүп отурабыз. Күн сууктаган сайын сайдын суусу токтоп, улам тоңуп, муз болуп, калыңдай баштайт. Натыйжада жол бөгөлүп, унаалар өтө албай, көмүр ташууга мүмкүн болбой калат. Айдоочуларга жергиликтүү бийлик көңүл буруп, шарт түзүп берүүгө кызыкдар болгон жок.

Көмүр алуу оңой эмес, кезек күтүп ошол кенде жумалап суукта үшүп, ачка калган калып калган айдоочулар бар. Бүгүн Айбек аттуу айдоочунун кенде калганына 9 күн болду”,- дейт.

Район эли толук көмүр отуну менен камсыз боло элек. Ошол себептүү кандай болбосун кырдаалдан чыгуунун жолун издеп жатабыз деп кошумчалады айдоочу.

Түшүндүрүү иштерине карбастан айыл жеринде санитардык эрежелер сакталбай жатат
Барчын Мамытбекова