Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын босогосуна ак өргө тигилип, ачылыш аземи болду. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл аксакалдары жана жаштар катышты.

Жаштардын жакшылыгы үчүн жасалган ак өргөө

Ак өргөөнүн ачылышына катышып жаткан айыл тургундары

Айыл аксакалдары ак өргөөнүн ачылыш салтанатында
Баетов айыл аймагынын айыл окмөт башчысы Талант Турусбековдун берген маалыматына таянсак:

Талант Турусбеков Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
“Ак өргөөнүн жолуна шагыл төгүү, отургучтарды орнотуу, жасалгалоо иштерине жергиликтүү бюджеттен 300миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Ал эми өргөөнүн жасалгалоонун экинчи этабы: суу жеткирүү, айланасын жашылдандыруу, айланасын тосуу, жарыктандыруу өңдүү иштерди жасоо иштери бар. Ошондой эле өргөөгө Кайыңды-Булак айылынан түз бара турчу жол салуу пландалган”,- дейт.
Өргөөдөн 70 метр алыстыкта жайгашкан атайын унаа токтотуучу жайдан өргөөгө чейинки жөө өтмөккө таш төшөлгөн. Аталган ак өргөө жаштардын ар кандай салтанаттуу иш-чараларын, үйлөнүү той же жөн гана эс алуу убактыларын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Зардарбек уулу Элдияр жана Момунбек кызы Ажардын үйлөнүү үлпөтү ак өргөөдө өттү
Ак өргөөнүн ачылыш аземинде Баетов айылынын тургундары Зардарбек уулу Элдияр жана Момунбек кызы Ажардын үйлөнүү үлпөтү болду.
Буга чейин ак өргөөнүн курулушу башталгандыгы тууралуу айтылган.
Барчын Мамытбекова