“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Өрт кырсыктарынын негизи себеби-коопсуздук эрежелерин сактабагандык

27 Ноябрь 2020 жыл 10:43
Көрүүлөрдүн саны: 142

Адатта өрт кырсыктары эң жөнөкөй коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыгат. Натыйжасы ар кандай чыгымдарга, эң өкүнүчтүүсү адам өлүмүнөдагы алып келиши мүмкүн. Ошол себептүү үйдөн чыгарда жарыкты өчүрүү, кыска чыңалуу болбос үчүн электр зымдарын эрежеге ылайык орнотуу,балдардын ширенке менен ойноосуна жол бербөө өңдүү эрежелерди эстен чыгарбоо зарыл.

 

Ак-Талаа районунун аймагында быйылкы жылдын 11 айында былтыркы 2019-жылдын 11 айына салыштырмалуу өрт кырсыгы 2ге(экиге) өскөн.

 

Барчын Мамытбекова