“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаанын Кадыралы айылында кышка камылга аяктап калды

2 Декабрь 2020 жыл 12:34
Көрүүлөрдүн саны: 228

Ак-Талаа районундагы Кызыл-Белес айыл өкмөтүнүн тургундары кышка карата көмүрдү көпчүлүгү Кара-Кече көмүр кесиминен алышат. Учурда айыл эли 95 пайыз көмүр менен камсыз болду.

Айыл өкмөттүн стат-экономисти адиси Мират Шерматовдун маалыматына караганда айылга көмүр тартуу иши  20-октябрда башталган.

Мират Шерматов Кызыл-Белес Айыл өкмөтүнүн стат-экономисти

«Учурда кары-картаңдар кышка карата көмүр отуну менен толук камсыздалды. Ал эми көмүр  3300 сомдон сатылууда. Айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 25 тонна келмек эле. Буюрса түшөт деп күтүп жатабыз. Айылдагы жеке менчик 2 оор жук ташуучу унаалар айыл элин көмур менен камсыздаганга аракет кылып жатышат. Кышка карата айыл элинин камылгасы жакшы»,- дейт.
Кызыл-Белес айыл өкмөтүндө жашаган 340 түтүнгө жалпы 400 тн көмүр отуну керектеле турган болсо учурда 382 тн.түшүрүлүп, элдин 95% камсыз болгон.

Акталаада айдоочулар көмүр кенине барчу жолду оңдошту
Барчын Мамытбекова