“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мектепке электрондук китепкана ачылат

4 Декабрь 2020 жыл 18:49
Көрүүлөрдүн саны: 381

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине “Келечектин мектеби” долбоору аркылуу электрондук китепкана үчүн жабдыктар коюлду.

Китепкананы орнотуу учуру

Китептер тууралуу маалыматтар ушул компьютерде сакталат

КРнын билим берүү жана илим министрлигинин Мегаком уюлдук кампаниясы менен чогуу түзгөн келишимдин негизинде мектеп аталган долбоорго үстүбүздөгү жылдын февраль айында кирген. Келишимге ылайык бул долбоорго ар бир облустан жана ар бир шаардан талаптарга жооп берген бирден гана  мектеп кабыл алынган. Катарда Нарын облусунан Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектеби бар.

Мектеп директору Астра Токтогулова

Мектеп директору Астра Токтогулованын маалыматына караганда электрондук китепкана ошо долбоордун бир бөлүгү.
“Эми мектептеги окуу китептери электрондоштурулат. Тактап айтканда окуу китептеринде чиптер орнотулган. Ал боюнча китеп тууралуу маалымат компьютерге киргизилет. Эсеби жок китеп болбойт”.

“Келечектин мектеби” долбоору тууралуу: Эгер долбоор толугу менен ишке аша турган болсо окуу бөлмөлөрү компьютерлер менен камсыз болот. Ал эми физика жана химия лабораторияларына атайын каражаттар келет. Мектеп санариптештирүүгө өтөт. Бирок кырдаалга байланыштуу айрым иш-аракеттер токтоп турууда.

Электрондук китепкана райондо: Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев:
«Ал эми Ак-Талаа районундагы 2 мектепте долбоор менен электрондук китепканалар бар. Мектептерде интернет бар, ошол себептүү райондун аймагындагы бардык мектептерге ачуу пландаштырылган. Аракеттерди көрүп, ар кандацйц долбоорлор менен иштешип жатабыз. Мунун пайдасы абдан чоң”,- дейт.

Мектеп окуучуларынын олимпиадасы кырдаалга байланыштуу декабрда башталат
 

Барчын Мамытбекова