Ак-Талаа районундагы балдардын билим борборунун кол өнөрчүлүк ийриминин жетекчиси Венера Молдокунова жана шахмат ийриминин жетекчиси Мээрим Кубанычбекова кайрымдуулук иш-чара өткөрүштү. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо катары жарыяланган бир айлык акциянын алкагында “Биз биргебиз” деген аталышта кайрымдуулук жасалды.

Венера Молдакунова жана Мээрим Карасартова ийримдин мүчөлөрү менен кайрымдуулук иште
Алар окуучулары менен бирге Баетов айылынын 47 жаштагы тургуну Жийдегүл Үсөнөванын үйүнө барышып, чакан белектерин беришкен.

Венера Молдакунова жана Мээрим (солдон биринчи) жана Мээрим Карасартова(оңдон биринчи) окуучулары менен Жийдегүл Үсөнованын үйүндө
Ийрим жетекчиси Венера Молдакунованын айтымында кайрымдуулук акциясына окуучуларды катыштыруунун негизги максаты, балдар биздин жардамыбызга, жакшы мамилебизге жана колдообузга муктаж адамдар бар экенин билип, камкордук көрүү сезими калыптанып, мээримдүүлүккө тарбияланышы керек.
«Тарбиялык сааттарда дагы атайын видеослайд жасап, окуучуларга көрсөттүк. Колубуздан келсе, мүмкүнчүлүк болсо дайыма колдоо көрсөтүп турсак жакшы болмок. Тилекке каршы биз биз менен катар эле жашап жаткан мүмкүнчүлүгү чектелген замандаштарыбызды жылдын бир гана күнүндө эске алабыз. Бул өкүнүчтүү. Ал эми Жийдегүл эже жөнүндө айта турган болсок, эпилепмия оорусу менен жабыркайт. Бизди абдан жакшы кабыл алды»,- дейт.
Видео: «Гуд Нейборс» Интернэшнл уюмунун жардамы
Наргиза Ырысбекова