“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада “Оомат” кондитердик ишканасы ачылды

13 Декабрь 2020 жыл 14:00
Көрүүлөрдүн саны: 600

Акталаа районундагы Баетов айылында “Оомат” кондитердик цехинин салтанаттуу ачылышы болду. Ачылышка КРнын Өкмөтүнүн жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук башкармалыгынын башчысы Асылбек Осмоналиев, Нарын облустук жаштар кеңешинин төрагасы Талант Ниязбеков, жергиликтүү бийлик жана“Ак-Талаа жаштары” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.

 

Кондитердик ишкананы ачуу салтанаты

Райондун акими Сейтек Дөөлөтбеков жаштардын мындай демилгелери дайыма колдоого алынарын жана чакан ишканалардын жумуш менен камсыз кылууда орду чоң экенин айтты.
“Бул эми илгери айылга трактор келгендегидей жаңылык болуп жатат. Жаштарга ыраазычылык. Баштаган ишиңерди ортодо таштап койбой, эл үчүн кызмат кылабыз деген жакшы тилегиңер кабыл болсун. Ишканаңардын келечеги кен болсун”
Наркы 3жарым миң еврону түзгөн бул кондицердик цехте учурда 3 адам жумуш менен камсыз болгон. Нандын жана таттуулардын ар кандай түрлөрү жасалат. Учурда соода түйүндөрүнө сатыкка чыгарылып жатат.

«Ооматта» даярдалган нан жана таттуулар

 

Кондитердик ишкананын жумушчулары иш үстүндө

Долбоордун жетекчиси Нурсултан Асанов: “Кондитерик ишкана Германия кызматташтык уюмунун “Жаштар үчүн жаркын келечек” долбоорунун негизинде ишке ашты. Буюрса, өзүбүздүн продукцияларга басым жасайлы деген оюбуз бар” дейт. Жаштардын облустагы өкүлчүлүгүнөн келген Талант Ниязбеков ачылган ишканалар талаптагыдай иштеп кетсе, мындан кийин дагы колдоолор болорун кошумчалады жана Акталаада ачылган чакан ишкана ээлерине сувенирдик белектерди тапшырды.

Азамат Аскарбеков «Жаштар курулуш» долбоорунун жетекчиси

Талант Ниязбеков (ондон биринчи,) Нурсултан Асанов «Оомат» кондитердик цехинин жетекчиси

Асылбек Осмоналиев (ондон биринчи) Анарбек Абдиев «Шам-шум» тез татым жайынын жетекчиси

Эскерте кетсек: мындан бир аз убакыт мурда Баетов айылында жаштар бирикмесинин «Шам-шум» тез татым жайы ачылган. Долбоордун жетекчиси Анарбек Абдиев.

 

Акталаада заманбап курулуш каражаттары ижарага бериле баштайт
 

Барчын Мамытбекова