Ак-Талаа районундагы орто мектептерде окуучулар арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту жана диний экстремизмди алдын алуу максатында ата-энелер менен чакан чөйрөдө жыйындар өтүүдө.

Жыйын Калый Молдобасанов атындагы орто мектебинде өттү

Жыйын Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинде өтүлүүдө

Жыйынга акимдин орун басары Кенже Карагулова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев жана ошондой эле ички иштер, прокуратура, соц.коргоо органдарынан, мечиттен өкүлдөр катышты.

Жыйынга келген ата-жэнелер тиешелүү тараптарга суроо берип, жооп алышты

Жыйын Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде өтүлдү

Гүлмайрам Нурманбетова билим берүү бөлүмүнүн адиси
Жыйындын жүрүшүндө райондук билим берүү бөлүмүнү адиси Гүлмайрам Нурманбетова өспүрүм балдарды тарбиялоодогу өзгөчөлүктөр тууралуу видеожүгүртмө аркылуу маалымат берди.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев ата-энелер менен чакан чөйрөдөгү мындай жолугушуулар бардык мектептерде өткөрүлөрүн айтты.
Жыйын санитардык нормаларды жана социалдык аралыкты сактоо менен өттү.
Эске салсак райондогу 10 мектеп толук салттуу окутууга өткөн. Ал эми калган 8 мектепте окуучунун саны көп болгондуктан экинчи алгоритм менен окушууда.

Мектептеги салттуу окутуу
Гулбарчын Мамытбекова