“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Мигранттардын балдарына жөлөк пул төлөнбөйт

18 Декабрь 2020 жыл 16:08
Көрүүлөрдүн саны: 350

Ак-Талаа районунда 424 ички жана 184 сырткы мигранттын үй-бүлөсү аныкталган. Бул үй-бүлөлөрдө жалпы 727 бала тарбияланып жатат. Ал эми 14 баланын мыйзамдуу камкорчусу бар. Тилекке каршы алар дагы жөлөк пул ала албайт.Ак-Талаа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси Улук Бегалы уулунун маалыматына караганда жөлөк социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гана төлөнөт.

Улук Бегалы уулу Ак-Талаа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси

“Мунун дагы ар кандай критерийлери бар. Ал эми жакын туугандарынын багуусунда жашап жаткан мигранттын балдарына жөлөк пул төлөнбөйт. Анткени ал үй-бүлө мигранттын баласынын мыйзамдуу камкорчусу эмес. Мыйзам боюнча жөлөк пул алууга арызды ата-эне же мыйзамдуу камкорчу гана жаза алат”,- дейт.

Мигранттын баласына камкорчу болуш үчүн бир канча документтерди даярдоо жана соттун чечими керек. Учурда Ак-Талаа район боюнча 20 камкорчу ата-эне болсо, булардын ичинен дагы жөлөк пул албагандар бар. Анткени мыйзамдуу турдө камкорчу болгон үй-бүлөнүн дагы кирешелери эсепке алынат.

 

Мигрант ата-энелердин балдарынын укуктарын ким коргойт?
Барчын Мамытбекова