«Баетов- мен сени сүйөм» аталыштагы көркөм композиция “Акталаа жаштары” коомдук бирикмесинин демилгеси астында жасалып, ишке ашырылды.

Баетов айылындагы жаңы коюлган инсталяция (көркөм композиция)
Инсталяциянын ачылышына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жаштар, айыл тургундары катышты.

«Баетов-мен сени сүйөм» инсталяциясныа келген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары
Район акими жаштардын жасап жаткан иштерине кеңири токтолуп, райондун өнүгүшүнө салым кошо берүүгө чакырды.
“Акталаа жаштары” коомдук бирикмесинин төрагасы Санат Сапарбековдун айтымында инсталяция коюу демилгеси өзүнө таандык.

«Акталаа жаштары» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү инсталяцияны орнотуу учурунда
“Инсталяцияны жасоого 50мин сом каражат жумшалды. Бирикменин мүчөлөрү бардык жумуштарды жасоодо ыктыярчылык жардам беришип, өз салымдарын кошту. Узап бараткан жылдын акыркы күнүндө жаштардын жасаган эң жакшы иштеринин бири ушул көркөм композиция болду. Буюрса районубуздун өнүгүшү үчүн жаштар колубуздан келген иштерди аткара беребиз”,- дейт.
Инсталяцияга Москвадагы мекендеш Арсен Кудашов 15миң, Талант Рысбаев 15миң, Санат Сапарбеков 10 мин, райадминстрация жана Баетов айыл өкмөтү 5миң сом акча каражатына демөөрчүлүк кылышты.
Мындан мурда Баетов айылынын кире беришине ак өргө салынып, ачылышы болгон.
Барчын Мамытбекова