“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Бала бакчанын балаты майрамы аралыктан өттү

31 Декабрь 2020 жыл 19:54
Көрүүлөрдүн саны: 225

Өлкөдөгү пандемияга байланыштуу бала бакчалар дагы аралыктан иштеп жатышат. Ошого байланыштуу Ак-Талаа районундагы бала бакчалардын Жаңы Жылдык балаты майрамына карата иш-чаралар аралыктан уюштурулуп, өткөрүлдү. Бөбөктөрдү Жаңы Жылы менен район акими Сейтек Кулубаев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев куттуктап, балдарга ден-соолук жана ийгилик каалады.
“Тынчтык” бала бакчасынын “Дилгир” тайпасынын тарбиячысы Мунара Султаналиеванын айтымында илдетке байланыштуу бакчада балдардын балаты майрамы өткөн жок. “Бирок бөбөктөрдүн маанайын көтөрүп, балатыга карата ата-энесинин жардамы менен жаттаган ырларына, жакшы тилектерине күбө болуу үчүн аралыктан өтүүгө туура келди” дейт.

Барчын Мамытбекова