“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаанын Кайыңды-Булак айылына ФАП курулат

26 Январь 2021 жыл 13:19
Көрүүлөрдүн саны: 523

АРИС уюмунун “Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун” алкагында Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагына караштуу Кайыңды-Булак айылына бардык шарты менен жаңы фельдшердик акушердик пункт (ФАП) курулат.

АРИС уюмунун Ак-Талаа району боюнча эксперти Жаныбек Асылбек уулунун берген маалыматына караганда “Долбоордун жалпы суммасы 3 320 000 сом деп каралган. Мунун ичинен 120 000 сом Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салым катары бөлүндү. Калган 3 млн 200 миң сом АРИС тарабынан каржыланат” дейт.
Учурда Баетов айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландоо иштери жасалып жатат.
Жаз айлары менен аба ырайына жараша курулуш иштери башталат.
Ал эми аталган айылдагы эски дүкөндүн имараты буга чейин ФАП катары колдонулуп келген.

 

Иллюстрациялык сүрөт

 

Барчын Мамытбекова