“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жабыла көтөргөн жүк жеңил…

7 Февраль 2021 жыл 17:46
Көрүүлөрдүн саны: 168

Баетов айылынын 61 жаштагы тургуну Калбүбү Моңолбаевага кайрымдуу жарандар жардам беришти.

Айтымында,  2300 сом пенсия, небересине 1200 сом жөлөк пул алат. Үйүнө кирген каражаттын жалпы көлөмү 3 500 сом. Бирок, ай сайын 3500 сом насыя төгөт.  Насыяны дагы үйү жок болгондуктан «үй салып алалы» деген максат менен кичи насыя берүүчү ишканалардан 35 миң сом насыя алып, пайдубалын куйдурган.

Насыяга үйдүн пайдубалын куюшканКошумча каражат табуу үчүн мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан банктагы насыянын жарым жылдык пайызы бар.

 

Калбү Монолбаева Баетов айылынын тургуну

«Ак-Талаа ынтымак ордосу» коомдук бирикмеси менен биргеликте 6 айлык насыясын жаап, төгүп берүү демилгесин көтөрүп, жарандар каражат чогултуу иштерин баштаган.
Натыйжада насыясын төлөө үчүн жардам бергендер жарандар чыкты:
— Азамат Абдыбеков 4000 сом,
— Төрөгелди Жузуев 3000 сом,
— Асель Аруунова 1000 сом,
— Нурбек Сейдибакасов 1000 сом,
— Улан Шерипбеков 500 сом,
— Акыл Сарыбаев 500 сом,
— Урмат Икрамбаев 500 сом,
— Талантбек Турусбеков 5000 сом,
— «Ак-Талаа ынтымак ордосу» коомдук бирикмеси 5000 сом,
— Адилет Сагыналиев 1000 сом,

Мындан тышкары, атын атагысы келбеген айыл өкмөт башчысы жана мекеме жетекчиси 1000 сомдон каражат колдоо көрсөтүштү.
Чогулган каражаттан  21 892 сом насыясын төгүп, калган акча каражатты Калбү Моңолбаеванын өзүнө тапшырылды.

«Ак-Талаа ынтымак ордосу» коомдук бирикмеси көмүр отунун тушүрүп беришти 

Мындан тышкары, «Ак-Талаа ынтымак ордосу» коомдук бирикмеси 1 тонна көмүр, райондук токой чарбасы жыгач отун түшүрүп берди.

Ооган-Талаада улгайгандарга жардам көрсөтүлдү
Сүрөттөр: Адилет Сагыналиевдики

Барчын Мамытбекова