“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада окуучулар арасында аскердик мелдеш өттү

18 Февраль 2021 жыл 22:40
Көрүүлөрдүн саны: 303

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата “Зарница” аскердик мелдеши болуп, анда “Намыс” жана “Скорпион” командалары күч сынашты. Мелдеште командалар жобого ылайык  тапшырмаларды аткарышты.

 

«Скорпион»  жана «Намыс» командаларынын  кыздары биринчи медициналык жардам көрсөтүү тапшырмасын аткарууда

Тараза ташы(гиря) көтөрүү тапшырмасы «Скорпион» командасы

«Скорпион» командасы-автомат чачуу жана жыйноо тапшырмасы. Кубанычбекова Кундуз

Кол күрош тапшырмасын аткаруу учуру

Ок тизүү тапшырмасы

Командалык көрсөтмө «Скорпион» командасы

Мелдештин тапшырмаларын аткаруу учуру

Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, райондук аскер комиссары Урмат Икрамбаев, ата-энелер комитетинин төрагасы Сыймык Сарыков, милициянын ардагери Кубан Бугубаев калыстык кылышты.


Мелдештин жүрүшүндө автоматты чачып-жыйноодо эки команданын тең кыздары артыкчылык кылышты.

«Намыс» командасы Нурбек кызы Клара  жана Алтынбекова Гүлшайыр (төмөндө) автомат чачып-жыйноо тапшырмасында

Тактап айтканда “Намыс” командасынан Клара Нурбек кызы жана “Скорпион” командасынан Гүлшайыр Алтынбекова автоматты 6-7 секундда чачып, 15-17 секундда жыйнашты.

«Намыс» командасы Кайрат Бакытбеков жана Умар Асанакунов(төмөндө)

Ал эми16 кг салмактагы тараза ташты (гиря) көтөрүүдө “Намыс” командасынан Кайрат Бакытбеков жана Умар Асанакунов 100 дөн ашык ирет көтөрүп, көрүүчүлөрдү таң калтырды.

Райондук аскер комиссары Урмат Икрамбаев «Скорпион» командасына грамота тапшырууда

Нурбек кызы Кларага райадминстрациянын аппарат жетекчиси Майрамбек Байшериев грамота тапшырууда

мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы Сыймык Сарыков жеңүүчү командага акчалай демөөрчүлүк кылды

Кубанычбекова Кундузга милициянын ардагери Кубанычбек Бугубаев Грамота тапшырууда

«Намыс» командасынын командири Хамза Илиясовго рай. билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев Грамота тапшырууда

Жыйынтыгында, аскердик мелдешке жигердүү катышкан окуучуларга грамоталар тапшырылды. Ал командалык эсепте “Намыс” командасы көп упай топтоп, жеңишке жетишти.

Жеңишке жеткен «Намыс» командасы

Мектептин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими, подполковник Шаршенбек Мурзабековдун айтымында аскердик мелдеш окуучуларды патриоттуулукка, эли-жерин сүйүүгө жана коргоого тарбиялайт.

Шаршенбек Мурзабеков аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими, подполковник

“Бул мелдешти жөн эле өткөрүп коюу максат эмес. Ар бир тапшырманы аткарып жатып, керек болсо аскердик форма кийген окуучу да бир милдетти, жоопкерчиликти сезет”,- дейт мугалим.

 

Жаркынай Тыныбекова, Акбар Кеңешбеков