Асель Жеңишбекова Акталаадагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 10-классында окуйт. Сүрөттү мыкты тартат. Аселдин айтымында сүрөттү бала бакчага барган кичине чагынан эле тартат.
“Окшошсо, окшошпосо деле тарта берчүмүн. Жакшы көргөн сүрөттөрүмдү кайталап деле тарта берчүмүн. Сурөт тарткандан сырткары аппликациядан открыткаларды жасачумун. Сүрөт тартканды абдан жакшы көрөм. Азыр да өнөрүмдү өнүктүрүүгө дайыма аракет кылам” дейт.
Таятам сүрөттү жакшы тартчу. Апам дагы жакшы тартат. Талант тай тараптан өтсө керек деген Асель портерт тартканды жакшы көрөрүн айтты.
“Кичине кезимде иним Дамирдин портретин тартып көрдүм. Ошондон кийин жагып калды. Сүрөттү илхом келгенде тартам. Ал эми кээде зарыл учурда отура калып деле керектүү сүрөттү тартам. Келечекте сүрөтчү же дизайнер болууну каалайм деп кошумчалды.
Ал эми Акылай Мирбек кызы дагы ушул эле мектептин 9-классынын окуучусу. Келечекте дизайнер болгусу келген Акылай сүрөт тартууга болгон кызыгуу сүрөттүү китептерден улам пайда болгонун айттат.
“Кичине кезимде китептердин сүроттөрүн карап отуруп, тарткым келчү. Сүрөт тартууга болгон кызыгуум ошондо пайда болгон. Сүрөт тарткан аябай жагат. Менин жашоомдун өзгөчө бөлүгү десем болот. Сүрөттү бош убактымда, кээде чарчаганда эс алыш үчүн тартам. Үйдөн атам жакшы тартат. Акырындап тажрыйба топтоп келатам. Сүрөт тартып жатканда өзүмдү жеңил сезип, айлана тынч сыяктуу сезилет. Себеби тарта турган сүрөтүм көз алдыма келип, бир башкача сезимдерди пайда кылат. Негизи сүрөттөрдүн жаралышы-өзү керемет процесс” деди.
Ата-энеси дайыма колдоосу жана айлана-чөйрөнүн таасири менен сүрөт тартып калдым деген Акылай келечекте дизайнер болуу максаты бар экенин айтты.
Балдардын тарткан сүрөтү эмнени түшүндүрөт?
Жаркынай Тыныбекова, Наргиза Ырысбекова