“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Билим кербени» долбоору мамилелер тууралуу маалымат берди

20 Февраль 2021 жыл 18:02
Көрүүлөрдүн саны: 305

Ак-Талаа районундагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде “Билим Кербени” долбоорунун алкагында Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Мамбетасан ажы Ибраев балага тарбия берүү, мугалим, ата-эне, окуучу ортосундагы мамиле жана бүгүнкү күндүн көйгөйү болгон интернет тууралуу айтып берди.


«Максатты бийик коюп, кайраттуулук менен алдыга умтулгула. Жашпыз деп убакытка алданбай, азыртадан көздөгөн максатыңарга жетүүгө аракет кылгыла. Убакыт силерди күтүп турбайт. Албетте, ой-өрүшүңөрдү өнүктүрөм десеңер, анда көп-көп китеп окугула»- деди.

Б.Календеров атындагы орто мектебинин уюштуруучусу Салтанат Баеванын айтканына караганда мындан тышкары окуучулар үчүн Нарын облусунун жаштар комитетинин төрагасы Талант Ниязбеков билим, кесипке туура багыт берүү, ыйман, адеп тууралуу лекцияларды окушту.
“Жолугушуу андан ары суроо-жооптор менен уланды. Бул жолугушуу эркин маанайда өтүп, окуучулар, ата-энелер өздөрү кызыккан суроолорго жооп ала алышты. Жолугушуу Чолок-Кайың айылынын Японияда билим алып жаткан Кубанычбек Асаналы уулунун демилгеси менен уюштурулду”, дейт.

 

Барчын Мамытбекова