“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Эне тил күнүнө карата иш-чаралар жыйынтыкталды

22 Февраль 2021 жыл 20:45
Көрүүлөрдүн саны: 83

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чаралардын жумалыгы жыйынтыкталды. Жумалыктын алкагында эне тилди даңазалаган ырлар окулуп, линейкалар, “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну жана “Сармерден” оюн-зоок программасы өткөрүлүп, дубал газеталар чыгарылды. Мындан сырткары, тарбиялык класстык сааттар өттү.

Эне тил майрамына карата линейка. 3-класстын окуучулары

 

«Акыл ордо» интеллектуалдык оюну

 

«Эне тилим-ыйык тилим» класстык тарбиялык саат

 

«Сармерден» оюн-зоок программасы

“Сармерден” программасы Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте уюштурулуп, жеңүүчүлөргө чакан белектер берилди.

Бакытбек Кылычбеков Ак-Талаа РИИБнүн башчысынын орун басары

Ак-Талаа РИИБнүн башчысынын орун басары Кылычбек уулу Бакыттын айтымында эне тилге байланыштуу иш-чараларды окуучулар бирге уюштурууга, өткөрүүгө жана кызматкерлер өздөрү дагы катышууга аракет кылып келишет.
“Анткени эне тил окуучуларга гана тиешелүү нерсе эмес. Эне тилди баарыбыз урматтоого, аны сүйүүгө, кийинки урпактарга мурас кылууга милдеттүүбүз”,- дейт.

 

Наргиза Ырысбекова