Кыргызстан бул күндү Мекен коргоочулар күнү катары белгилегени менен көбүрөөк советтик таасир дале сезилип турат. Анткени социалдык медиаларда ошол учурда советтик армияда кызмат өтөгөн орто жана улуу муундагылар аскердеги сүрөттөрдү жарыялап, көптөр «чыныгы майрам ушулардыкы» дегендей мамиле кылат. Деген менен жыл өткөн сайын жаш муундар арасында майрам мурдагы маанисинен алыстап, «мырзалардын майрамы» катары белгилене баштады.
Бул күндүн таржымалынан
23-февраль тууралуу тарыхчылар арасында мындай пикир бар: кокусунан белгиленип калган дата.
Ушул күнү Троцкий биринчи жолу фронтко келген деген версия айтылып жүргөнү менен бул чындыкка жатпайт дейт тарыхчылар.
Чынында 1919-жылы 10-январда Жогорку аскердик инспекциянын жетекчиси Николай Подвойский 28-январда Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясын түзүү боюнча жарыяланган декреттин бир жылдыгын белгилөө сунушун жолдойт. Бул тууралуу анын Борбордук Аткаруу комитетине жолдогон каты бюрократиялык алешемдиктен улам өз учурунда каралбай калган.
Кийин аны аскер бөлүктөрү үчүн азык-түлүк жана керектүү буюм-тайымдарды жыйнаган датага — «Кызыл белектер күнү» белгилөөнү чечишет. Бул 1918-жылдын 17-февралда өткөн экен. Ал эми 1919-жылы бул күн жумушчу күнгө туура келип калып, иш-чараны жакынкы дем алышка жылдырышат. Жекшемби 23-февраль болгон.
Андан кийин үч жыл катары менен бул датаны эч ким эстеген эмес. 1922-жылы январда Жумушчу-дыйкан Кызыл Армиясынын түзүлгөн күнүн майрамдоону чечип, 23-февраль деген датаны тандап алышкан.
Барчын Мамытбекова