“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада Мекенди коргоочулардын күнүнө карата майрамдык салтанаттар өттү

23 Февраль 2021 жыл 15:52
Көрүүлөрдүн саны: 184

Ак-Талаа районунда Аялдар кеңеши тарабынан 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду. Ага мекемелерде иштеген кызматкерлер, жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.

Салтанаттын катышуучулары

Майрамдык куттуктоо: Мамытова Мария (солдон биринчи), Сулайманов Абдумалик акимдин орун басары Букен Турдубекова (оңдон биринчи)

Иш-чарада райакимдин орун басары Абдумалик Сулайманов, райондук Аялдар Кеңешинин төрайымы Букен Турдубекова, жетекчи айымдардын атынан Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын райондук филиалынын жетекчиси Мария Мамытова куттуктоо сөз сүйлөштү.
Андан соң Аялдар Кеңешинин майрамга карата ишкер, тейлөөчү, чарбакер өңдүү номинациядагы сыйлыктары тапшырылды.

Абдымаликов Кубанычбек «Мыкты тейлөөчү» номиациясы менен сыйланууда

Бакыт Медербеков «Эмгекчил мырза» номинациясы менен сыйланууда

Алтынай Жаныбек кызы салтанаттын катышуучуларын ыр менен куттуктоодо

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, “Супер кудалар-2” көркөм тасмасы көрсөтүлдү.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Санжар Кубанычбековго сыйлык тапшыруу учуру

Баетов айыл өкмөтүнүн грамотасын тапшыруу учуру

Ушундай эле иш-чара Баетов айы өкмөтү тарабынан уюштурулуп, майрамдык белектер, сыйлыктар тапшырылды.

Акталаада жыл мыктылары аныкталды
Наргиза Ырысбекова