Ак-Талаа районунда бүгүн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын экинчи туру башталып, 10 предмет боюнча 356 окуучу катышууда.
Олимпиада Э.Карасартов атындагы орто мектебинде бардык санитардык талаптарды сактоо менен тиешелүү кызматтардын катышуусунда өтүп жатат.
Олимпиаданы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев жана райаким Сейтек Кулубаев ачып, окуучуларга ийгилик каалады.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында олимпиаданын тапшырмасы бүгүн эртең менен электрондук дарек аркылуу келген.
“Олимпиада акыйкат өтөт. Тапшырмалардын жообун алдын-ала алуу мүмкүн эмес. Анткени жообу да азыр саат 14.00дө электрондук дарекке келет. Комиссия мүчөлөрү окуучулардын иштерин видеокөзөмөл бар кабинетте текшеришет. Окуучулардын даярдыгы жакшы жана биз күткөн натыйжаны берет деп ишенип жатабыз. Анткени, аралыктан окуу мезгилинде дагы окуучулар онлайн сынактарга катышып, мугалимдеринин жардамы менен даярданып жатышты”,- дейт.
Олимпиада эки күнгө созулат. Биринчи күнүндө жазуу, экинчи күнү оозеки тапшырмалар аткарылат.
Эне тил күнүнө карата иш-чаралар жыйынтыкталды
Барчын Мамытбекова