“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулардын олимпиадасында көз карандысыз байкоочулар көзөмөл кылышууда

24 Февраль 2021 жыл 20:19
Көрүүлөрдүн саны: 162

Быйыл өтүп жаткан республикалык олимпиаданын экинчи баскычынын мурдагы олимпиадалардын айырмачылыгы-жүрүшүн көз карандысыз коомдук байкоочулар көзөмөл кылышууда.


Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында олимпиаданы өткөрүүнүн атайын жобосуна ылайык коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ата-энелерден жана ардагер мугалимдерден турган көз карандысыз байкоочулар олимпиаданын жүрүшүнө байкоо жүргүзүүдө.

Каныбек Эсеналиев Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

“Байкоочулар олимпиаданын тапшырмалары электрондук дарекке келип, видео көзөмөл бар, көбөйтүүчү техникалык каражаттар даярдалган атайын кабинетте тапшырмаларды көбөйтүп, таратып берип, жыйынтыгы чыгарылган учурга чейин көзөмөлдөшөт. Бул олимпиаданын таза, акыйкат өтөрүнө ишеним арттырат”,- дейт.

Сыймык Сарыков Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин ата-энелер комитетинин төрагасы

Ал эми байкоочулардын бири Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин ата-энелер комитетинин төрагасы Сыймык Сарыков:

“Олимпиадагы бардык процесстерди өз көзүбүз менен көрүп, күбөл болуудабыз. Байкоочулардын катышып жатышы-жакшы көрүнүш. Бирок мен олимпиадада окуучулардын теориялык гана эмес, практикалык билимин дагы сыноодо практикалык иштер үчүн каражаттар жетиштүү болсо жакшы болот эле деп ойлойм”,- деген оюн айтты.

Акталаада окуучулар арасында предметтик олимпиада өтүүдө
Барчын Мамытбекова