Кечээтен бери өлкө боюнча окуучулар арасында республикалык олимпиаданын экинчи баскычы өтүп жаткан. Окуучулар 10 предмет боюнча күчтөрүн сынашып, электрондук дарек аркылуу келген тапшырмаларды аткарышкан. Кечээ жазуу иштери болсо, бүгүн оозеки тапшырмалар берилген. Бирок бүгүн тарых боюнча өткөрүлүп жаткан олимпиада бардык жерде токтотулду.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында тарых сабагы боюнча олимпиаданын тапшырмаларынын ачкычтары бүгүн эртең менен өлкө боюнча интернет аркылуу дээрлик бардык окуучуларга тарап кеткен.
“Учурда билим берүү жана илим министрлигинде бул жагдай боюнча тактоо иштери жүрүп жатат. Азырынча ким тарабынан, кандай жол менен тарап кеткени белгисиз”,- дейт.
Маалыматка караганда, тарых сабагы боюнча олимпиада кайрадан өткөрүлөт. Азырынча өтүү мөөнөтү белгисиз.
Барчын Мамытбекова