Ак-Талаа районунда Аялдардын Эл аралык майрамына карата мугалимдер арасында волейбол оюну боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.

Мелдеш учурунда
Оюнга райондогу билим берүү мекемелеринде эмгектенген кыз-келиндердин 25 командасы катышты.
Оюндун алгачкы туру Байымбет, Н.Жыргалбекова жана Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектептеринде өткөрүлүп, финалга 6 команда чыккан.

Оюн учурунда

Калый Молдобасанов жана Эсенгул Карасартов атындагы мектептин команадалары оюн учурунда

Ж.Сатылганов жана Ш.Бейшеналиев мектебинин командалары

Финалдык оюн Баетов айылындагы Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде өткөрүлүп, командалар кызыктуу оюн көрсөтүштү.

Ж.Сатылганов атындагы орто мектебинин командасы 1-орунду жеңип алды

2-орунду камсыз кылган Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектеби

Э.Карасартов атындагы орто мектебинин командасы 3-орунга ээ болду
Жыйынтыгында 1-орунду Ж.Сатылганов атындагы орто мектеби жеңип алса, 2-орунга Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы татыктуу болду. Ал эми 3-орунду Э.Карасартов атындагы орто мектебинин оюнчулары камсыз кылды.
Жеңүүчү командаларга уюштуруучулар тарабынан дипломдор жана мыкты оюнчуларга акчалай сыйлыктар берилди.

Сыйлык алуу учуру

Мыкты оюнчуларга акчалай сыйлыктар тапшырылды

Аталган спорттук мелдеш Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы менен райондук билим берүү бөлүмүнүн кесиптик уюму бирдикте уюштурулуп, байге фонду 12миң сомду түздү.
Акталаада окуучулар арасында предметтик олимпиада өтүүдө
Наргиза Ырысбекова, Жаркынай Тыныбекова