Бүгүн Ак-Талаа районунда Мамлекеттик Туу күнү салтанаттуу белгиленип, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Абдумалик Сулайманов жана райондун прокурору Токон Мурат бүгүнкү салтанат менен куттуктады.

Акимдин биринчи орун басары Абдумалик Сулайманов

Ак-Талаа районунун прокурору Токон Мурат
“Миңдеген жылдык тарыхы бар кыргыз мамлекетибиз, байыркы элибиз үчүн Туубуз өзгөчө мааниге ээ. Кызыл туубуз уюткулуу элибиздин басып өткөн татаал жолун, ата-бабаларыбыздын каарман эмгегин жана асыл оюн таасын чагылдырып турат. Андыктан өлкөбүздүн Туусун бийик желбиретип, көздүн карегиндей сактоо ар бирибиздин милдетибиз” дейт орун басар А.Сулайманов.

Маданият кызматкерлеринин концерттик программасы

Салтанат маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.
Наргиза Ырысбекова
Жаркынай Тыныбекова