“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада Аялдардын Эл аралык майрамына карата салтанаттар өттү

7 Март 2021 жыл 12:14
Көрүүлөрдүн саны: 219

Ак-Талаа районунда  5-март Ак калпак күнү  жана 8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата бир катар салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, ага ар тармакта эмгектенип жаткан айымдар, Баатыр энелер, ардактуу эс алуудагы ардагерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Майрамдык салтанатка келген ардагер апалар


Майрамдык иш-чараны райондун акими Сейтек Кулубаев ачып, айымдардын майрамы менен куттуктады:

Сейтек Кулубаев райаким (ортодо) , Жайлообай Абдиев ардагер (солдон биринчи) Байыш Үтүров райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы (оңдон биринчи)

“Айымдар сиздер бар үчүн жашоо жарык. Сиздер адамзаттын адам катары калыптануусунда, өсүп-өнүгүүсүндө, келечекте өз турмушун туура тандоосунда дегеле бардык жашоосунда абдан чоң орунду ээлейсиздер. Сиздер барда дүйнөбүз түгөл, маанайыбыз ачык” деди.
Ардагерлердин атынан Жайлообай Абдиев, мекеме жетекчилердин атынан Байыш Үтүрөв дагы куттуктоо сөз сүйлөдү. Андан соң райадминстрациянын ар кандай номинациядагы сыйлыктары тапшырылды.

Эсенбү Сатындиева «Камкор эне» номинациясы

Гүлбарчын Мамытбекова «Камкор эне» номинациясы

Гүлзат Абдылдаева «Мыкты тейлөөчү» номинациясы

Ушундай эле майрамдык салтанат Баетов айыл аймагында дагы өткөрүлдү. Аталган иш-чарага мекемелердеги кенже кызматкерлер, ардагерлер, мугалимдер, мекеме жетекчилери катышты.

Майрамдык салтанатка келген ардагерлер апалар


Айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков жана кеңештин төрагасы Билимбек Капарбек уулу куттуктоолорун билдиришти.

Талант Турусбеков куттуктоо сөзүндө кенже кызматкерлердин майрамы дагы бир нече жылдан бери белгиленип келе жатканын айтты.

“Мекемелердеги кенже кызматкерлердин эмгеги эске алынбай келген. А чынында эмгек ошо кызматкерлердики. Биз жыл сайын 8-мартта кенже кызматкерлерди куттуктап, колубуздан келген сыйды көрсөтүүгө аракет кылып келебиз. Бардыгыңыздарды майрамыңар менен куттуктайбыз” деди.

Өмүрбек Дөлөев журналист Билимбек Капарбек уулу Баетов айылдык кеңешинин төрагасы (солдон биринчи) Талант Турусбеков Баетов айыл өкмөтунүн башчысы (ортодо) Сейтек КУлубаев райаким (солдон үчүнчү)

Ал эми ардагер Өмүрбек Дөлөев “март деп айдын аталышы эле мээримдүүлүк, кайрымдуулук, сүйүү, марттыктын белгисин берет. Дегеле март айы майрамдарга бай. Ааламды көрккө бөлөп, жашообузга жарык берген айымдардын майрамы да мына ушу март айында. Ар дайым аман болуңуздар. Айдын өзүндөй сиздердин жүрөгүңүздөр дагы марттыкка, сүйүүгө толтура болсун” деген куттуктоосун айтты.
Куттуктоолордон соң Баетов айыл өкмөтүнүн сыйлыктары тапшырылды.

Астра Токтогулова «Мыкты мекеме жетекчи» номинациясы

Сайрабү Байгашкаева «Мыкты уз айым» номинациясы

Майрамдык салтанатта сыйлык алуу учуру

Ошондой эле майрамдык салтанатка келген ар бир айымга белектер берилди.


Майрамдык иш-чаралар концерттик программалар менен коштолду.

Айымдарга арналган салтанатта жигиттер концерттик программа тартуулашты

Жаркынай Тыныбекова