“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жергиликтүү кеңешке талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктады

12 Март 2021 жыл 14:15
Көрүүлөрдүн саны: 144

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өтүүчү жергиликтүү кеңешке шайлоого талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктады. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 12 айыл аймагында жергиликтүү кеңешке жалпы 274 талапкер өзүн өзү көрсөтүү аркылуу каттоодон өтүштү. Булардын ичинен 86 талапкер аял жолдоштор. Жерге-Тал айылдык кеңешиндеги 4082-Жерге-Тал шайлоо округунан башка дээрлик бардык айылдык кеңештерде аялдар өз талапкерлигин көрсөтүштү.

Токтосун Казиев БШКнын Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондору боюнча өкүлү

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондору боюнча өкүлү Токтосун Казиевдин берген маалыматына караганда шайлоо тилкелери шайлоо өткөрүүгө даяр. Комиссия мүчөлөрү окуулардан өттү.

Шайлоо тилкелериндеги даярдык

Эске салсак, бул шайлоо 2020-жылдын апрель айында өтмөк. Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

 

Наргиза Ырысбекова