Бүгүн Ак-Талаадагы Кайынды-Булак айылындагы «Чолпон» балдар бакчасынын эмгек жамааты Нооруз майрамынын салттуу тамагы болгон сүмөлөк даярдап жатат. Майрамды утурлаган бул саамалык райондук мамлекеттик администрациясы жана Баетов айыл өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулду.

Сүмөлөктү кайнатууда ак элечек апалар, аксакал аталар ак батасын берип, сүмөлөктүн тарыхы айтылып, эл-журтка тынччылык, ден соолук, бакубат жашоо, аманчылык тиленип, жакшы тилектер менен башталды.
Акимдин орун басары Кенже Карагулова кыргыз элинин улуттук майрамы болгон Нооруз майрамы менен куттуктады.
«Нооруз майрамы кут болсун. Элибиз оору-сыркоодон алыс болсун. Былтыркы жылы пандемия учуру болуп, эли-журтубуз жапырт абалдан чыгууну максат кылдык. Быйыл аксакалдар, апалар менен бирге жакшылыктын жышааны кылып, сүмөлөк кайнатып жатабыз. Тилектерибиз кабыл болсун».
Ал эми Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков ата-бабадан келаткан майрамдын тарыхына, маанисине токтолду.
Сүмөлөк бышыруу жөрөлгөсүнө катышып жаткан айыл тургундары каалоо-тилектерин билдиришти.
Майрамдык жөрөлгө өнөрпоздордун, айыл таланттарынын ырлары менен коштолду. Кайнатылган сүмөлөк 21-март күнү саат 10-00до Дөрбөлжүн аянтында өтүүчү маданий иш чарада жалпы элге ооз тийгизилет.
Наргиза Ырысбекова