“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Сүрөт: Акталаада Нооруз майрамына арналган салтанат өттү

21 Март 2021 жыл 15:06
Көрүүлөрдүн саны: 295

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Баетов айылында Нооруз майрамына карата салтанат өтүп, ага айыл тургундары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Алгач райондук маданият үйүнүн кызматкерлери театрлаштырылган программа тартуулашты.

Ортого улуу от жагылып, арча түтөлдү. Нооруздун ырым-жырымы жасалып, андан соң элге сүмөлөк ооз тийгизилди.


Райондун акими Сейтек Кулубаев, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбеков ж.б өкүлдөр Нооруз майрамы менен куттукташты.


“Улустун улуу күнү болгон Нооруз майрамыбыз куттуу болсун! Жер жарылып чөп чыксын, желин жарылып сүт чыксын. Элибизде аманчылык, токчулук, молчулук болсун. Эли-журтубуз бөөдө кырсыктан, илдеттен алыс болуп, өлкөбүз өнүгө берсин” деди райаким Сейтек Кулубаев.
Майрамдык салтанат маданият кызматкерлеринин жаш таланттардын ыр-бийлери менен коштолду.

 

Барчын Мамытбекова