“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Балдардын билим борборунда кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата иш-чаралар өттү

24 Март 2021 жыл 8:52
Көрүүлөрдүн саны: 151

Ак-Талаа районундагы балдар билим борборунда кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулуп, ага медицина жана укук коргоо кызматкерлери катышты.

Борбордун информатика боюнча ийрим жетекчиси Айзат Орозакунованын айтканына караганда аталган темада жумалык жарыяланган. Жумалыктан алкагында медицина жана укук коргоо кызматкерлеринин өкүлдөрү өздөрүнүн тармагына ылайык лекция окушуп, маалымат беришти.

Айзат Орозакунова борбордун информатика ийриминин жетекчиси

Гүлжан Тентимишова борбордун орус тил ийриминин жетекчиси маалымат берүү учуру

Жолугушууга катышып жаткан медицина жана укук коргоо кызматкерлери

Максат Малабаев «Жаш техник» ийриминин жетекчиси окуучуларга маалымат берүүдө

Борбордогу бардык мугалимдер ийрим мүчөлөрүнө ачык сабактарды өтүшүп, жолугушууларды уюштурушту. Ошондой эле видеожүгүртмө көрсөтүлдү.
“Жумалыктын негизги максаты кургак учукту алдын алуу, оорунун кесепети менен окуучуларды тааныштыруу, аларды өздөрүнүн ден-соолугуна өздөрү кам көрүүсүнө тарбиялоо. Борбордо балдарга билим эле бербестен тарбиялык маанидеги иштерди да өткөрүп турабыз”,- деп кошумчалады Айзат Орозакунова.

 

Барчын Мамытбекова