Бүгүн Ак-Талаа районундагы “Адилет” атындагы сейил бакта 2010-жылы 7-апрелде курман болгондорду эскерүү иш-чарасы болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекеме жетекчилери, окуучулар жана курман болгон Адилет Карасартовдун үй-бүлөсү катышты.

7-апрелде курман болгон баатырларды эскерүү «Адилет» атындагы сейил бакта өттү

Эскерүү иш-чарасына мекеме жетекчилери катышты

«Адилет» сейил бактагы эскерүү реквиеми

Эскерүүнүн алкагында жакшы тилектер менен карагайдын жети көчөтү отургузулду.

Сейил бакка жети карагай отургузулду

Адилеттин атасы Сүйүндүк Карасартов (оңдон биринчи) карагай көчөтүн отургузууда

Карагай көчөтүн отургузууга райаким катышты

Эскерүү иш-чарасындагы көчөт отургузуу

Көчөт отургузууга Баетов айыл өкмөтүнүн кызматкерлери катышты

Ошондой эле Э.Карасартов атындагы орто мектебинин окуучулары Элдик революцияга арналган театралдык көрүнүштү тартуулашты.

Мектеп окуучулары чакан театралдык көрүнүштү коюп беришти
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Сейтек Кулубаев тарых барактарында сакталып калар бул күн тууралуу билдирүү жасады.

Райаким Сейтек Кулубаев тарыхта калган күн тууралуу билдирүү жасады
Мындан сырткары аксакалардын атынан Өмүрбек Дөлөев, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Турусбеков 11 жыл мурдагы кандуу окуялардын келип чыгышы, тарыхта калар орду жана алар баасы тууралуу ой бөлүштү.

Сүйүндүк Карасартов 7-апрелде курман болгон Адилет Карасартовдун атасы
Ал эми Адилеттин атасы Сүйүндүк Карасартов ал күндү кайгыруу менен эскерип, “элдин үмүтү акталдыбы, ошол окуялардын сабак алдыкпы деген суроо баарыбызды түйшөлдүрөт. Бул дале бүдөмүк”,- дейт.
Айпери Кубанычбекова