“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаадагы мектептерде мөмө дарактарынын көчөттөрү отургузулду

9 Апрель 2021 жыл 20:06
Көрүүлөрдүн саны: 115

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде шабдаалы жана алма бактын “Ред делишес” “Старкримсон” сортундагы көчөттөрү отургузулду.
Көчөтүн отургузууну мектептин ардагер мугалимдери жакшы тилек, бата менен баштап беришти.

Мектептин радагер мугалимдери көчөт отургузууну баштап беришти

Жыпар Өмүралиева жана Азамат Үмөтов шабдалы көчөтүн отургузууда

Ардагер мугалимдер көчөт отургузууда

Андан соң жалпы мугалимдер жана окуучулар жамааты 25 түп шабдаалы, 130 түп алма көчөтүн отургузушту.

Жалпы мугалимдер жана окуучулар жамааты алма көчөтун тигүүдө

Көчөт тигилгенден кийин дароо суу куюлду

Каныбек Эсеналиев райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы окуучулар менен бак отургузду


Мектеп директору Астра Токтогулова : “Көчөттөр Эл аралык долбоор аркылуу алынып келинди. Буюрса тамчылатма сугаруу ыкмасы менен багылат. Жакын арада бардык көрсөтмөсү менен сугаруу орнотулат” дейт.

Каныбек Эсеналиев Райондук БББ башчысы

Ал эми билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтымында былтыр эки мектепке тигилген. Алар жакшы карап, өстүрүп алгандыктан, быйыл 6 мектепти да эл аралык долбоорго киргиздик”
“Былтыр райондогу эки мектепти эл аралык долбоорго пилоттук катары киргизгенбиз. Алар абдан жакшы өстүрүп алышты. Ошол себептүү быйыл 6 мектепти коштук”.

Наргиза Ырысбекова