Анткени райондо 17-апрелде КОВИД-19 илдети менен бир бейтап катталган.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык тармак боюнча адиси Эльмира Токтогулованын берген маалыматына караганда катталган бейтап сасык тумоонун белгилери менен 14-апрелден баштап үйүндө дарыланып жаткан. Жергиликтүү дарыгерлерге кайрылып, текшерилген жана провизордук бөлүмгө жаткырылган. Дароо ПЦР анализи алынып, жыйынтыгында КОВИД-19 аныкталган. Бейтап менен жакын байланышта болгон 6 үй-бүлө мүчөлөрү үй карантинге алынды.

Райондук аймактык оорукана
“Мындан сырткары аймактык оорукананын провизордук бөлүмүндө жугуштуу пневмония менен 3 бейтап бар. Алар Терек, Ак-Тал, Ак-Кыя айылынын тургундары. Булардын ичинен эки бейтаптын абалы оор. Бул бейтаптардан ПЦР анализ алынган жана жыйынтыгы таза чыккан. Райондун аймагында илдет катталгандыгына байланыштуу абал кооптурак. Эми санитардык эрежелерди сактоо оюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруубуз зарыл” дейт Э.Токтогулова.
Барчын Мамытбекова