“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаалык жаш балбан дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды

30 Апрель 2021 жыл 9:32
Көрүүлөрдүн саны: 117

Ак-Талаа районунун 16 жаштагы балбаны Бердибек Боогачиев грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды.

Жаш балбан Бердибек Боогачиев

Жаш балбандын  апасы Назира Сабитакунованын айтымында, жаш балбан Б.Боогачиев 24-апрель күнү грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк жана Азия чемпионатына тандоо мелдешинде өспүрүмдөр арасында күмүш медаль тагынып, Венгрия өлкөсүндө өтө турчу дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды.

Мелдештен кийин. Жаш балбан Бердибек Боогачиев( солдон биринчи)

«Уулум Бердибек 3 бир туугандын кенжеси. Ал өспүрүмдөр арасында тандоо мелдешинде 45 килограмм салмакта күрөшкө түшүп, күмүш медаль тагынды. Эми дүйнөлүк чемпионатка даярданууда. Уулум 4-класста окуп жүргөндө баштап күрөш менен машыгып келет. Анын машыктыруучусу Мирлан Альжанов», — деди Н.Сабитакунова.

Акталаада облустук деңгээлде улуттук ат оюндары өткөрүлдү
Барчын Мамытбекова