“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Китеп окуучулар сынагын өткөрүүнү салтка айлантуу керек

30 Апрель 2021 жыл 9:51
Көрүүлөрдүн саны: 125

Чолок-Кайың айылынын Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинде  «Феникс» китебинин автору, ишкер Кылыч Исамамбетовдун демилгеси жана демөөрчүлүгү менен окуучулар ортосунда «Феникс» китеп сынагы өткөрүлдү. Сынакка катышкан окуучулар «Ойлоншоу» интеллектуалдык оюнунун негизинде китепте жазылган суроолорго жооп берүү тапшырмаларын аткарышты.

Салтанат Баева сынактын уюштуруучусу (ортодо) катышуучулар менен

Мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Салтанат Баеванын айтымында, сынак окуучуларды китеп окууга кызыктыруу, бош убактыларын максаттуу пайдаланууга багыттоо максатында уюштурулду.

«Окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүүгө,  өнүгүүсүнө багытталган сынактарды өткөрүү мектептерде салтка айлантуу керек.  Сынак эки этап менен өткөрүлдү. 1-этапка 5-класстан 7-класска чейинки окуучулар команда менен катышып, «Мыкты команда» жана «Мыкты оюнчу» тандалып алынып, 1-орунду 6 — (Б)класстын «Ынтымак» командасы, 2-орунду 5 — (А) класстын «Ак шумкар» командасы, 3-орунду 5 — (Б) класстын «Алга» командасы камсыздап, «Мыкты оюнчу» деп​ Айжигит Чороев табылды».


Оюндун 2-этабына 8-класстан 10-класска чейинки 6 команда окуучулар катышып, соңунда 1-орунду 9 — (Б) класстын «Китепкөйлөр» командасы, 2-орунду 8 — (Б) класстын «Билим кенчи» командасы, 3-орунду 9 — (А) класстын «Бийиктик» командасы багынтып, «Мыкты оюнчу» деп Чыңгыз кызы Мадина табылды.

Ошондой эле, оюнда активдүүлүгүн көрсөткөндүктөрү үчүн мектеп диплому менен Ниязбек кызы Чолпон, Көлбай Мусаканов, Айжигит Чороев жана Асема Жумадилова сыйланды. Ал эми сынактын жеңүүчүлөрүнө К.Исамамбетов тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.

Базар-Коргондо китеп күнү белгиленди
Барчын Мамытбекова