Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Чоң-Кара-Суу чөлкөмүндөгү мал суу ичүүчү жай оңдолду.
Аталган айылдын жайыт комитетинин төрагасы Медер Асаналы уулунун айтымында, жайыт комитетинин уюштуруусунда жергиликтүү жылкысы бар тургундар Чоң-Кара-Суу чөлкөмүнүн кире беришинде союз учурунда курулган мал суу ичүүчү жайга лотоктор коюлуп, жылкылардын кенен суу ичүүсүнө шарт түзүлдү.

Жергиликтүү мал ээлери суу кетүүчү лотокту оңдоодо

Мурда бул лотокко малдар түшүп кетип, зыян тартчу

Жылкы ээлери жайыт комитети менен бирге суу кетүүчү лотокторду оңдоп-түзөөдө

«Бул жерге мындан 2-3 жыл мурун лотоктор коюлуптур. Бирок, кичинекей лотоктордон коюп коюшкан экен. Бул жерге бери дегенде эле 25-30 үйүр жылкы барып суу ичет. Кичине жана тар болгондуктан, айгырлар алышып, сүрмө топтон кулундар лотокко жыгылып өлүп, айтор көйгөй жаралып келген. Ошол себептен улам кошумча лотокторду коюп, жер астынан келген суу түтүкчөсүндө мурун 25тик шланга тагылган экен. Анын ордуна 50лүк шланга шланга тактык. Жумушка жылкысы бар жергиликтүү тургундар тартылды», — деди М.Асаналы уулу.
Акталаанын Жерге-Тал айылына алма бактын көчөттөрү отургузулду
Барчын Мамытбекова