“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Согуш жана тылдын ардагерлери ар дайым урмат жана сыйга татыктуу…

7 Май 2021 жыл 17:17
Көрүүлөрдүн саны: 333

9-майда Улуу Жеңишке 76 жыл толот.  Мына ушул күнгө байланыштуу Ак-Талаа райондук сотунун кызматкерлери  Жаңы-Талап айылынын  тургуну, 96 жаштагы Асыл Бердикеева апага жолугуп, майрамдык белектерин беришти.

Ак-Талаа райондук сотунун кызматкерлери Асыл апага жоолук салып, белектерин беришти

Райондук соттун төрагасы Азат Доулбеков: «Биздеги маалыматка ылайык согуш ардагеринин 2 жесири жана тылдын бир ардагери бар экен. Экөө учурда борбордо болгондуктан Асыл апага жолугуп,  белектерибизди берип, батасын алдык.

Ак-Талаа райондук соту Азат Доулбеков Асыл апа менен

Асыл апа каалоо-тилегин айтып,ак батасын берди

«Жаркыраган жашоону алып келген ата-бабалар бир гана күнү эмес, ар дайым ардакталып, көңүл борборунда болуусу керек. Жылдан-жылга алардын катары суюлуп баратканы өкүнүчтүү. Азыр арабызда жашап жаткан аталар, апалар тарыхтын тирүү күбөсү»,- дейт.

Ал эми Асыл апанын келини Жыпаркүл Касмалиеванын айтканына  караганда, 1941-жылы 16 жашында  Султанбек Бердикеевге турмушка чыккан.

Асыл апа келини Жыпар Касмалиева менен

Асыл апа бала-бакырасы, небере-чөбөрөлөрү менен жылда жайлоого эс алууга чыгат

Асыл апа уулдары жана кайниси менен

«Ошол эле жылы согуш  чыгып, күйөөсү майданга кеткен. 1944-жылы жарадар болуп кайтып келген. Жарааты айыккан соң Сталиндин медиктер жана мугалимдерге байланыштуу буйругунун негизинде  фронтко жиберилбей айылдык мектепте мугалим болуп иштеп калат. Кийин райондогу башка мектептерде да директорлук кызматтарда иштеген. Өмүрүнүн акырына чейин балдарга билим берип, 74 жашында көзү өткөн. Жубайы Асыл апа экөө 13 балалуу болушкан».

 

Барчын Мамытбекова