“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Депутатты жумуш берүүчү кеңештин сессиясына жиберүүгө милдеттүү

8 Май 2021 жыл 18:46
Көрүүлөрдүн саны: 120

Кыргыз Республикасында Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарына жалпы, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү аркылуу шайлануусунун натыйжасында ээ болот.
БШКнын Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондору боюнча өкүлү Токтосун Казиев жергиликтүү кенештин депутатынын укуктарын ырастаган жагдайлар тууралуу буларды айтты:


«Жергиликтүү кенештин депутаттары 4 жылдык мөөнөт менен шайланат. Азыркы жаңы шайланган депутаттардын биринчиси сессиясы өтүлгөн күнү мурунку чакырылыштын мөөнөтү аяктайт. Алардын ыйгарым укуктарын депутаттык күбөлүк жана төш белги ырастайт. Депутаттын күбөлүгүнүн жана төш белгисинин үлгүлөрү, ошондой эле алар жөнүндөгү жобо мыйзам менен бекитилет”

“Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана колдонуудагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын эч ким чектөөгө укуксуз.
Бирок Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков аталган мыйзамда карама-каршы келген жагдайлар бар дейт.

“Ушул эле мыйзамдын 25-статьясында Жергиликтүү кеңеште шайлануучу кызматка шайланган депутаттын ыйгарым укуктары бүткөндөн кийин аны ишке орноштурууну тийиштүү жергиликтүү кеңеш камсыз кылат деп белгиленген. Эми биздеги 21 депутаттын өзүнүн иштеген кызматы болгон менен 10да жок да. Аны биз кантип жумуш менен камсыз кылабыз. Мындай учурда кандай болот”?
Баетов айылдык кеңешинин депутаты Нургул Мамбетова мыйзамда жергиликтүү кенештин депутатына кандай артыкчылык берилгенин айтты:

«Мыйзамга ылайык жергиликтүү кенештин депутаты иш берүүчүсүнүн демилгеси менен жумуштан бошотулууга,ошондой эле жергиликтүү кеңеш,анын төрагасы менен алдын-ала макулдашуусуз жана мандат комиссиясынын, депутаттык ишмердик жана этика боюнча комиссиясынын корутундусу жок тартиптик жаза иретинде төмөн акы төлөнүүчү ишке (кызматка) которулууга тийиш эмес. бул жерде мекеме же депутаттын кызматы жоюлган учур эсепке алынган эмес. Мындай учурда депутат ишсиз калат».
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Турусбеков депутат иштеген жеринде артыкчылыктарга ээ дейт.

“Жергиликтүү кенештин депутатынын 4 жылдык ишмердиги муниципиалдык стажы болуп эсептелет. Мындан сырткары депутатты иш берүүчүсү кенештин сессиясына жиберүүгө милдеттүү. Жибербей койгонго укугу жок. Кээде ушуну билбегендиктен депутатты сессияга жибербей койгон учур көп болот”
Тийиштүү жергиликтүү кеңештер жана алардын органдары депутаттар өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылышат. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандардын бирикмелеринин органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар, алардын кызмат адамдары депутаттардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

Бул материал Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Барчын Мамытбекова