“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада ооруктун үч ардагерине 15 миң сомдон тапшырылды

8 Май 2021 жыл 22:02
Көрүүлөрдүн саны: 114

Бүгүн Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата Ак-Талаа районунда ооруктун ардагерлерине жана согуш ардагерлеринин жесирлерине район жетекчилиги жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү барып жолугуп, белектерин берип кайтышты.

Сейтек Кулубаев район акими (солдон онго), Шаршенбек Мурзабеков жана Мария Мамытова Жаңы-Талап айылындагы ооруктун ардагери менен

Шаршенбек Мурзабеков Жаңы-Талап айылындагы ардагер менен

Райондук аскер комиссары Урмат Икрамбаев ардагер менен

Шаршенбек Мурзабековдун маалыматына караганда райондун аймагында учурда ооруктун 3 ардагери жана согуш ардагерлеринин 13 жесири (жубайы) бар.

“Мамлекеттен бөлүнгөн 15 миң акча каражаты Асыл Бердикеева жана Зайнап Мусалиевага тапшырылды. Мындан сырткары рай.админстрация жана айыл өкмөт башчылары өздөрүнүн карамагында жашаган ооруктун ардагерлери жана жесирлерине азык-түлүк, акчалай белектерин беришти”.
Ошондой эле “Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун эмгекчилеринин Ак-Талаа райондук кеңеши” коомдук бирикмесинин төрагасы Шаршенбек Мурзабеков дагы  бирикменин атынан белектерин тапшырды.

Согуш жана тылдын ардагерлери ар дайым урмат жана сыйга татыктуу…
 

Барчын Мамытбекова