Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү кесип тандоого арналган ачык эшиктер күнүндө Азат Доулбеков жетектеген Сот мекемесинде болушту.

Азат Доулбеков Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы окуучулар менен
Бүтүрүүчүлөр юристтик кесип, сот кызматы, коррупция жана башка тууралуу өздөрүнүн суроолорун беришти. Райондук соттун төрагасы Азат Доулбеков жана судья Назгүл сот тармагына келүүсү, тоскоолдуктар, кыйынчылыктар жана ийгиликтери тууралуу айтып беришип, бүтүрүүчүлөрдү кесипти туура тандоого, мектепти жакшы окууга жана бүтүрүүгө кеңеш берди.


Азат Доулбеков райондук соттун торагасы жана Назгул Моютова судья окуучулардын суроолоруна жооп берүүдө
“Соттун чечими чыкканга чейин эч ким күнөөлүү деп айтууга, күнөөлөөгө укугу жок. Силер азыртадан эле адилет болгонго үйрөнүшүңөр керек. Мыйзамдуулукту сакташ керек. Сот кандай иш болбосун мыйзам чегинде адилет чечим чыгаруусу зарыл. Бирок ар бир чечимди чыгаруу оор, оңой эмес. Анткени кандай болбосун адам тагдырын чечилип жатпайбы. Демек ал мейли ажырашуу, мейли жер талаш боюнча болсун баары бир чечимди чыгаруу оңой болбойт.”
Ал эми судья Назгүл Моютова: «Ажырашуу процесси айтканга жеңил болгону менен оор болот. Сырттан караган кишиге ии ажырашты болду деген ой келет. Ал жерде бирок бир үй-бүлө бузулуп жатат да»,- дейт.

Райондук соттун кызматкерлери Ш.Бейшеналиев атындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү
Мындан сырткары, окуучулар сот кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо тууралуу да маалымат алышып, сот процесси өтүүчү жай, кызматкерлердин иш бөлмөлөрү, мекеменин ийгиликтери тууралуу таанышты.
Барчын Мамытбекова