“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттар аралыктан өтөт

14 Май 2021 жыл 18:25
Көрүүлөрдүн саны: 150

Ак-Талаа районунда быйылкы 2020-2021-окуу жылында 11-классты 453, ал эми 9-классты 623 бүтүрүүчү аяктап жатат. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу  бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат жана экзамендер болбойт. Ар бир мектептеги экзамендик комиссия жылдык баага ылайык чечет.

Былтыркы окуу жылынан бери «Акыркы коңгуроо» салтанаты аралыктан өтүүдө

 

Каныбек Эсеналиев райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев: “Билим берүү министрлигинин жана Нарын облустук усулдук билим берүү борборунун буйругуна ылайык мектептерде бүтүрүүчүлөргө арналган “Акыркы коңгуроо” салтанаты кырдаалга байланыштуу аралыктан өтөт. Учурда окуу процесси санитардык эрежелерди сактоо менен жүрүп жатат. Экзамен учурунда дагы окуучулар мектепке келишпейт. Комиссиянын чечими менен жылдык баанын негизинде коюлат” дейт.

(Сүрөт архив)

Акталаалык жаш балбан дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алды
Барчын Мамытбекова