Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Турусбековдун айтымында, «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору аркылуу 27 млн сомго сугат суу каналы курулуп жатат. Тактап айтканда, 3 чакырым Туура-Канал, 1 чакырым 600 метр Как-Көлг, 1 км 600 метр Кара-Чий каналы курулуп жатат. Мындан тышкары Тик-Таш-1, Тик-Таш-2 жана Кош-Сарайга чейинки каналдарга бетон лотоктор коюлууда.

Талант Турусбеков Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
Ал эми “Талаа Булак” СПАнын (суу пайдалануучулар ассоциациясы)техникалык жактан көзөмөлдөөчү адиси Жеңишбек Токталиев канал долбоордун талаптарына ылайык сапаттуу курулуш материалдары менен курулуп жатканын айтты.

Жеңиш Токталиев «Талаа-Булак» СПАнын технадзору
Мындан сырткары айыл өкмөт башчысынын орун басары Аман Аалиев:

Аман Аалиев Баетов айыл өкмөт башчысынын орун басары
“Канал толук курулуп, пайдаланууга берилген соң сууну дыйкандар коромжусуз пайдалана алышат. Анткени берилген суу дыйкандарга канал менен түз жетет. Жыл сайын дыйкандар жаз алды менен канал тазалоого чыгышчу. Дыйкандар мына ушул ашык түйшүктөн да арылат” дейт.
Курулуш иштери 2020-жылы башталып, бүгүнкү күнгө чейин 15,5 млн сомдун жумушу аткарылгандыгы маалым болду. Каналды куруунун негизги максаты дыйкандарга сугат суусун жетиштүү деңгээлде жеткирүү жана сугат суусун үнөмдүү колдонуу болуп саналат.
Барчын Мамытбекова