“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Айылдын тазалыгына аң-сезимдүү мамиле кылуу керек

27 Май 2021 жыл 14:03
Көрүүлөрдүн саны: 154

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында учурда жумасына эки жолу таштанды чыгарылат. Кээде таштанды ташуучу унаалар бузулуп калган учурда дүйшөмбү, шейшемби күндөргө жылдырылат.

Бир күндө таштанды чыгаруучу унаа 7ирет каттайт

Айыл тургундары таштанды жана таз суу үчүн түтүн башына 50 сомдон 100, ал эми үйдөн суусу чыккандар 150 сомдон каражат төлөшөт. “Баетов таза аймак, таза суу” муниципиалдык ишканасынын кызматкери Айнура Султанмуратованын берген маалыматына караганда төлөмдөрдү учурунда төлөбөгөн жарандар бар.

Айнура Султанмуратова ишкананын кызматкери

“Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз. Такыр эле төлөбөгөн жарандардын аты-жөнүн ачыкка чыгарсакпы деп да ойлоп жатабыз.Жазында таштанды абдан көп чыгарылып, бир күндө ташуучу унаа 7 жолу каттаган учур болду. Ошого жараша жарандар таштанды сорттоону үйрөнсө жакшы болот эле. Кагаз калдыктарын өрттөп, ал эми курулуш калдыктарын, желим идиш жана баштыктарды өзүнчө кылып чогултуунун кыйынчылыгы деле жок. Баарын аралаштырып салып коюшат. Аны болсо жумушчулар аны унаанын үстүндө баратып эле сорттошот” десе ушул эле ишкананын жумушчусу Мурадыл Карагулов “жарандар акысын төлөп жатабыз да дегендей мамиле кылышып, таштандыны унаанын үстүнө, бизге алып бергенден эринишет. Эптеп жөлөп коюп же ыргытып коюшат. Биз бир күндө унаадан түшүп, жердеги таштандыны кайра жүктөп, бир күндө 30км чейин жөө басабыз. Жаш эле адамдар үчүн таштандыны алып берип коюу маселе деле жаратпайт болсо керек”-дейт.

Таштанды жыйноо учуру

Талант Турусбеков айыл өкмөт башчысы

Ал эми Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талант Турусбеков айыл ичиндеги үйүлгөн таштандыларды тазалоо, полигондорду иретке келтирүү үчүн каражат жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам берерин айтты. Ошондой эле төлөмдөрдү төлөбөй жаткан жарандарга эч нерсе кыла албайбыз. Болгону алар айылдын тазылыгына аң-сезимдүү мамиле кылууга үйрөнүүсү керек деп кошумчалады.

Барчын Мамытбекова