“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Алдыңкы иш-тажрыйбаларды жайылтуу негизги максат

27 Май 2021 жыл 23:33
Көрүүлөрдүн саны: 693

Ак- Талаа районунун Чолок- Кайың айылындагы Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде “Мыкты класс жетекчи – 2021” сынагы жыйынтыкталды.

Мектептин тарбия иштерин уюштуруучусу Салтанат Баеванын маалыматына караганда  бүгүн сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Ага мектептин  мугалимдер жамааты катышты.

Сынакка 26 класс жетекчи катышып,  «Мыкты класс жетекчиси 2021″ номинациясына  башталгыч 3в-класстын жетекчиси Гүлүмкан Мааданбекова,  7″б»класстын класс жетекчиси Айгүл Юсупова жана
10″б» класстын жетекчиси  Улдана Дүйшөнкул кызы татыктуу болду.

Сынактын жеңүүчүлөрү Гүлүмкан Маданбекова(солдо биринчи), уюштуруучу Салтанат Баева (экинчи), Айгүл Юсупова жана Улдана Дүйшөнкул кызы

«Класс жетекчилик мектептеги эң оор жумуш, түйшүгү көп.  Мына ошол себептүү сынак класс жетекчилерге мотивация берүү, колдоо көрсөтүү менен алардын иш-тажрыйбаларын жайылтуу максатында өткөрүлдү дейт С.Баева.

Сынактын мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон 15 мугалимге уюштуруучу Салтанат Баева өз каражатынан демөөрчүлүк кылып, Грамоталар жана баалуу белектерди тапшырды.

Жигердүү катышкан бардык мугалимдерге грамоталар тапшырылды


Калган катышуучуларга да ар түрдүү номинациялар ыйгарылып, салттуу жана онлайн окууда эң жакшы салым кошкон мугалимдер кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.