“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада «Кален бак» маданий эс алуу жайы ачылат

1 Июнь 2021 жыл 22:46
Көрүүлөрдүн саны: 276

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айылында тургундар үчүн “Кален бак” маданий эс алуу жай ачуу аракеттери башталды.

«Кален бак» эс алуу жайы

Аталган аймактын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенованын айтканына караганда айылда атайын эс алуу жай жок.

“Ал эми жай мезгилинде элдер жаратылышка эс алууга чыгышып, бирок таштандыларды жыйнабай, айлана-чөйрөнү булгап кеткен көрүнүштөр дайыма кездешет. Таштандыны жыйноо кызматы же ишкана болбогондон кийин мындай көрүнүш бир нече убакыттан бери маселе болуп келген. Бул маселени чечүү максатта Жерге-Тал айылынын ардактуу атуулу, “Каармандык” медалынын ээси, “Билим берүүнүн отличниги”, Ооган согушунун ардагери Мамбеткалый Артыковго кайрылып, эл учун маданий эс алуу жайын уюштуруп берүүнү суранганбыз”,- дейт.

Мамбеткалый Артыков элдин сунушун колго алып, өз каражатына аянттын айланасын тосуп, карагай , арча, мырза терек, мажүрүм талдардын көчөттөрүн отургузду. Мындан сырткары чуңкур, аң-чөнөктөрдү түздөп, ичин толтуруп, иш баштады.

«Кален бак» эс алуу жайында боз үй тигүү учуру

Айыл өкмөт башчы Г.Учугенова аталган эс алуу сейил багы келечекте элдин сүйүктүү жайына айланат деген жакшы тилегибиз бар. Буюрса бул жайда айылыбыздын маанилүү иш-чаралары, жолугушуулар, бүтүрүү кечелери өткөрүлөт деп кошумчалады.

 

Жакында «Кален бак» эс алуу жайында бүтүрүүчүлөрдүн «Акыркы коңгуроо» салтанаты белгиленди.

И.Молдобаев атындагы орто мектептин мугалимдер жамааты

И.Молдобаев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү «Кален бак» эс алуу жайында

 

Барчын Мамытбекова