“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада жайытка кетчү жолдор оңдолууда

9 Июнь 2021 жыл 21:37
Көрүүлөрдүн саны: 136

Ак-Талаа районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жайыт комитети жайлоого кетчү жолдорду оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Жакында эле Кашка-Суу жайлоосунун чек арасынын ичинде Сары-Жон участкасынан Шаты бейиттеги кыяга чейин 4-5 чакырымга жакын, Арал, Ичке-Мойнок участкаларынын ичиндеги жолдорду сүздүрүп, оңдолду.

Жолду сүздүрүп, тегиздөө иштери жүрүп жаткан учуру

Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Учугенованын маалыматына караганда  бадачылар жайлоого кырсыксыз, аман-эсен жетип алуусу үчүн жолдорду оңдоп жатышат.

Жолду тазалоо иштери

Жолдун тиешелүү участкаларына суу өтүүчү түтүктөр орнотулду

«Кой кыркуу өнөктүгү аяктагандан кийин 10-июнга чейин бадачылар Кашка-Суу аркылуу Ботокей капчыгайынын ичи менен Арпа жайлоосуна көчүп чыгышат. Бадачылар үчүн жайыт комитети мүмкүн болушунча шарттарды түзүп берүүгө аракет кылып жатат»,- дейт.

 

Барчын Мамытбекова