“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаадагы эки айыл өкмөттө шайлоо жараксыз болду

12 Июнь 2021 жыл 11:49
Көрүүлөрдүн саны: 124

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө жана Кызыл-Белес айыл өкмөттөрүнүн  башчылары шайланбай калды.

Кош-Дөбө айылдык кеңешинин  төрайымы Гүлбарчын Самибаеванын айтымында, 10-июнда айыл өкмөт башчысын шайлоо өтүп, анда айыл өкмөт башчылыкка ат салышкан 4 талапкер жетиштүү добуш албай калган.

Айыл өкмөт башчылыкка талапкер болгон Адил Курманалиев 1 добуш, Акжол Кулманбетов 3 добуш, Азамат Муратбек уулу 3 добуш жана Алтынбек Иманалиев 3 добушга ээ болгон. Ал эми 1 бюллетень жараксыз болду.

Ал эми  Кызыл-Белес айыл өкмөтүндө жалгыз талапкер Бакытбек Шерматов жетиштүү добуш ала алган эмес. Буга чейин Б.Шерматов 6 депутаттын колдоосу менен айылдык кеңештин төрагасы болуп шайланган эле.

Токтосун Казиев БШКнын Ак-Талаа районундагы өкүлү

БШКнын Ак-Талаа районундагы өкүлү Токтосун Казиев: «Талапкерди 11 депутаттын бешөө гана колдогон. Ошону менен райондо эки айыл өкмөттун шайлоосу жараксыз болду» деди.

Суусамыр айыл аймагынын башчысы шайланды
 

Барчын Мамытбекова