“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ак-Талаадагы ооруканада 11 адам дарыланууда

8 Июль 2021 жыл 22:09
Көрүүлөрдүн саны: 143

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы ооруканада COVID-19 вирусунан 6 адам, пневмониядан 5 адам дарыланууда.

 

Акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова:  «COVID-19 вирусунун үчүнчү толкунуна байланыштуу 8 орундуу инфекция бөлүмү, 22 орундуу соматика бөлүмү зарылчылык келип чыкса иштөөгө даяр. Ал эми 14 жашка чейин балдар арасында COVID-19 илдети жана пневмония катталган жок»,- деди.

Кенже Карагулова акимдин орун басары

 

Ошондой эле  COVID-19 илдетине каршы «Синофармдан» 1 миң доза, «Гам-КОВИД-Вактан» 220 доза вакцина алынып келген. «Синофарм» вакцинасынын 1-дозасы менен 500 адам, 2-дозасы менен 463 адам эмделди. Ал эми «Гам-КОВИД-ВАК» вакцинасынын 1-дозасы менен 110 адам, 2-дозасы менен 55 адам эмдөөдөн өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Учурда жалпы дарыгерлер практикалык борборунда COVID-19 илдетине каршы 2 айлык мөөнөткө жете тургандай 30 233 даана дары, 3 айга жете турган 21 300 даана коргоочу каражат бар.

 

Барчын Мамытбекова